Ссылки доступа

Эл аралык издөөдөгү Руслан Мухудиновдун изи Дубайдан табылды


Мухудинов орусиялык оппозициячы Борис Немцовду өлтүргөн деп күнөөлөнүүдө. Москванын Басман райондук соту 18-ноябрда аны сырттан эркинен ажыратуу боюнча маселени карайт.

«Коммерсант» басылмасы жазып чыккандай, укук коргоо органдарына Чеченстандын Ички иштер министрлигинин “Түндүк” батальонунун мурдагы аскери Руслан Мухудинов Дубайда из жашырып жүрөт деген кабар түшкөн.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Мухудинов Бириккен Араб Эмираттарына жазында эле чыгып кеткен. Ал жерде үй-бүлөсү да жашай турганы кабарланууда. Мурда Мухудинов Дубайда бизнес менен алектенгени белгилүү. Бирок каржылык кыйынчылыктардан улам Орусияга кайтып, “Түндүк” батальонунун башчысынын орун басары Руслан Геремеевдин айдоочусу болуп ишке орношкон.

Жалпыга маалымдоо каражаттары Мухудиновго Борис Немцовду өлтүрүү боюнча буйрукту Геремеев бергенин жазып чыгышкан.

Немцов быйыл 28-февралда Москванын чок ортосунда атып өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү делип 5 чечен жараны кармалган. Алардын баары өздөрүнө тагылган айыпты четке кагып келүүдө.

XS
SM
MD
LG