Ссылки доступа

Кыргызстанда “Мигрантка чалуу” акциясы өтүүдө


Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Араван райондорунда жана Ош шаарында “Мигрантка чалуу” акциясыболду. Анда юристтер жарандарга миграция мыйзамдарынын талаптары, милдеттер жана укуктар тууралуу акысыз маалымат беришти.

Уюштуруучулар кабарлагандай, акцияга келген кишилер Орусиядагы, Казакстандагы же башка мамлекеттердеги жакындары менен телефондо бекер сүйлөшүп, юристтен алган маалыматтарын тууганына түшүндүрүп, башка тааныштарына да жеткирүүнү сурана алат.

Ушундай эле акция 16-ноябрда Жалал-Абад шаарында да өткөн. Алдыда Баткен жана Лейлек райондорунда уюштурулмакчы.

Өнөктүк «Мигранттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн маселелерин чечүүдө Коомдук кеңештердин ролун жогорулатуу” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Аны “Интербилим” коомдук уюму, ISEDA, “Инсан Лейлек” жана “Мехр Шавкат” коомдук фонддору уюштурууда.

XS
SM
MD
LG