Ссылки доступа

Казакстанда камалган жарандык активисттер саясий туткундардын тизмесине кошулду


Экстремизм боюнча айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылган жарандык активисттер Ермек Нарымбаев, Болатбек Блялов, Серикжан Мамбеталин жана сегиз айга абакка кесилген Сакен Тулбаев саясий туткундар деп табылды.

Бул тууралуу укук коргоочу Бахытжан Торегожина Facebook социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды. Анын айтуусунда, мындай чечим шейшембиде жергиликтүү укук коргоочулар менен жарандык активисттер кирген эксперттик кеңеште кабыл алынды.

Франциядан Орусияга экстрадициялана турган оппозициялык маанайдагы саясатчы, Мухтар Аблязов да саясий туткундардын катарына кирди.

Жергиликтүү укук коргоочулар саясий туткундардын тизмесин биринчи жолу 2013-жылдын 31-майында түзгөн. Анда 6 адамдын аты-жөнү аталып, кийинчерээк дагы 56 ысым кошулган.

XS
SM
MD
LG