Ссылки доступа

Обама “Ислам мамлекети” тобуна көбүрөөк көңүл бурууга Орусияны чакырды


АКШ президенти Барак Обама Манилада Филиппин президенти менен кездешүүдө Орусия Сириянын өкмөтүн колдогондон көрө, өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топко каршы күрөшкө көңүл бурса жакшы болмок, деп билдирди. Бул маселе орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда көтөрүлө турганын кошумчалады.

Жолугушууда Обама сириялык качкындарды Америкага киргизбөөгө үндөгөн саясатчыларды да сынга алды.Бир катар штат башчыларынын биргелешкен билдирүүсүн “коркунучту көбүртүп-жабыртуу” аракети катары сыпаттап, аларды АКШ бүт дүйнөнүн көз алдында экенин унутпоого чакырды.

Келерки жылда кеминде 10 миң сириялык качкынга Америкадан башкалка берүү боюнча көз карашында бекем турарын белгиледи. Анын пикиринде, өлкөгө киргизилген ар бир качкынды текшерүү аракети бир жарым жылдан эки жылга чейинки убакытты алат.

XS
SM
MD
LG