Ссылки доступа

Назарбаев мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам долбооруна вето койду


Казак президенти Астанадагы өкмөттүн кеңейтилген жыйынында “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзам долбоору артка кайтарыларын билдирди. Эми парламент аталган документке киргизилген өзгөртүүлөрдү кайра карап чыгууга тийиш.

Назарбаевдин айтуусунда, мамлекеттик кызматкерлердин пенсия курагын так аныктоо керек. Азыр эч ким кызматын тапшыргысы келбейт деген казак башчысы ордун бошотуп бербей жаткан аткаминерлердин ысымдарын атаган жок.

Мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзам долбоорун парламент 22-октябрда кабыл алган. Анда мамлекеттик кызматкерлерди тандоонун жаңы жол-жобосу жазылган. Административдик кызматка келгендер тестирлөөдөн, тиешелүү органдардын сынынан өтүп, жалпы сынак тапшыруусу керек.

XS
SM
MD
LG