Ссылки доступа

Өзбек дин аалымы Обидхонго кол салуу Ташкенттин буйрутмасы менен болгону айтылууда


17-ноябрда Швеция прокуратурасынын тергөөчүсү Остершунд шаардык сотуна өзбек диний аалымы Обидхон Кори Назаровго кол салуу боюнча иштинкорутундусун жиберди.

Тергөөчү Кристер Петерсондун айтымында, сотто кылмышты жасаган деп шектелген Юрий Жуковскийдин артында Өзбекстан бийликтери турат деген айыптар да каралат.

“Мен тергөө маалында Жуковский өзбек өкмөтүнөн жардам, буйруктарды алып турганы боюнча далилдерди тастыктадым”, - дейт Кристер Петерсон.

37 жаштагы Юрий Жуковский Орусиядан Швецияга ушул жылдын 25-августтунда чыгарылган.

Эскерте кетсек, белгилүү диний аалым, расмий Ташкенттикескин сындап жүргөн Обидхон Кори Назаровго кол салуу 2012-жылдын 22- февралында Швециядагы Стромсунд шаарындагы үйүнүн жанында болгон. 57 жаштагы Назаров азыркыга чейин оор абалда ооруканада.

Назаров 1997-жылдан бери Өзбекстандын улуттук коопсуздук кызматынын издөөсүндө. 2006-жылы Казакстандагы БУУнун качкындардын иштери боюнча жогорку комиссардын башкармалыгынын өкүлчүлүгү Назаровду качкын деп эсептеп, Швециядан башпаанек берген.

XS
SM
MD
LG