Ссылки доступа

Орусия Батыш Асаддын кетишин талап кылууну токтотушу керектигин айтууда


Батыш “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы эл аралык коалиция түзүүнү көздөсө, Сириянын президенти Башар Асаддын кетишин талап кылуусун токтотушу керек.

Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 18-ноябрда билдирди. Министр октябрь айындагы Египеттеги орусиялык учактын кыйрашы жана өткөн аптадагы Парижде уюштурулган теракттардан улам айрым Батыш өлкөлөрү өз позицияларын өзгөртүшкөнүн кошумчалады.

АКШ жана анан союздаштары Сириянын президенти Башар Асаддын бийликтен кетишин талап кылып келишет. Ал тапта Москва бул чечимди Сирия эли гана чечиши керектигин жүйөө кармоодо.

Шейшембиде Пентагондун басма сөз катчысы Питер Кук Орусиянын Башар Асадды колдогону натыйжа бербей турганын жарыялаган.

13-ноябрда Парижде болгон теракттардан кийин Франция Сириядагы аба соккуларын күчөттү.Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы өткөн айда Синайдагы учак террордук жарылуудан улам кулаганын бышыктады. Мындан уламОрусиянын Сириядагы аскердик операциясы күчөтүлө турганболууда.

XS
SM
MD
LG