Бул тууралуу жергиликтүү жарандык активист Александр Харламов “Азаттыкка” кабарлады.Сычев сот өкүмүнө макул эместигин билдирип, жогорку инстанцияга доо-арыз менен кайрылууну көздөөдө.
Игорь Сычев Орусиянын «ВКонтакте» социалдык түйүнүндөгү “Риддердеги сырлар” деп аталган баракчанын администраторлорунун бири болчу. Быйыл жазында Орусиянын курамына кошулууга же бул сунушка каршы добуш берүүгө чакырган материалды Интернетке жайгаштырганы үчүн соттолду.