Ссылки доступа

Казакстан да инфляция күтүлгөндөн да жогору болушу мүмкүн


Казакстанда 2015 г. жылдын жыйынтыгы боюнча күтүлүп жаткан инфляция 6-8 пайыздан да жогору болушу мүмкүн.

Билдирүүнү шаршембиде Мындай Астанада өткөн өкмөттүнжыйынында Улуттук банктын төрагасы Данияр Акишев билдирди.

Расмий маалыматтарга ылайык, октябрь айынын соңунда инфляция 9,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук экономика министри Ерболат Досаев билдирди. Ал-2015 жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн экономикасы 1 пайызга өскөнүн кошумчалады. Ошондой эле жыйында экспорттун көлөмү да кыскарганы айтылды.

Теңгенин курсун кармоо үчүн Казакстан банкы 1 млрд. 700 млн. доллар интервенция жасады. Август айында Казакстанда теңгенин курсу эркин кое берилген.

XS
SM
MD
LG