Ссылки доступа

Өзбекстандык аял эки баласын бычактап салды


«Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай,Хорезм облусунун Гойбу айылынын 30 жаштагы тургуну Дилфуза Худойберганова 15-ноябрда 2 баласын бычактап салган.

Анын 7 жаштагы кызы Шахло кайтыш болуп, 10 жаштагы баласы Бозорбой катуу жаракат алып,ооруканага түштү.

Тергөөдө аял балдарын бага албай калгандыктан ушундай кадамга барганын айтып берген.

Худойберганова айылдык мектепте пол жууп иштеп келген. Жолдошуошол эле мектепте күзөтчү болуп эмгектенген.

Мектеп жетекчилиги бул үй-бүлө айлык-акысын убагында эле алып жүргөнүн,алардан кыйынчылыктар тууралуу арыз-муңукпаганын маалымдады.Үрөй учурган кылмышка барган аялдын психикалык дарттан алыс болгону да кабарланды.

XS
SM
MD
LG