Участкалык милиционер ким тарабынан, кандай шартта өлтүрүлгөнү азырынча белгисиз. Маркум -кенже лейтенант Актилек Абдувалиев.
Ал эки адамды документ текшерүү үчүн токтоткондо, каршылыкка кабылып, кылмышкерлер белгисиз куралдан ок чыгарышканы божомолдонуп жатат. Ага чейин участкалык милиция кызматкери жардам сурап, шектүүлөр тууралуу кабарлоого үлгүргөн.Азыр окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.