Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө жаштар тажик оппозиция лидерлерин чет мамлекеттерден чыгарууну талап кылышты


19-ноябрда бир катар жаштар тажикстандык оппозиционерлерди Германиядан чыгаруу талабы менен АКШ жана немис элчиликтеринин алдына чогулушкан.

Аларды милиция кармап кеткен болчу. Кийинчерээк алардын бешөө бир сааттай сурак беришип, кайра кое берилгени маалымдалды.

Тажик милициясы бул боюнча маалымат айта элек. Нааразылык билдиргендерге кылмыш иши козголдубу-жокпу, белгисиз.

Буга чейин жаштар тажик оппозициясынын лидерлери, учурда Америка жана Германияда жашаганМухиддинКабири, Дододжон Атовуллоевжана, Абдулмалик Абдуллоджоновду бул өлкөлөрдөн чыгаруу өтүнүчү камтылган катты элчиликтерге беришкен.

XS
SM
MD
LG