Курчоого алынган имараттын ичинен табылган сөөктүн бармак издери Абауддукуна дал келгени аныкталган.
Абауд өткөн аптада Парижде болгон террордук чабуулдарды жетектегенин айткан. Полиция аны Сирияда деп божомолдогон, бирок иликтөөнүн натыйжасында изи Сен-Дениден чыккан. Шектүү жашаган имарат дароо курчоого алынып, узакка созулган атышуулардан кийин бир нече адам колго түшүп, экөө жок кылынган. Алардын бирөө Абауд экени тастыкталды.
Парижде 13-ноябрда болгон бир нече террордук чабуулдан 129 киши мүрт кетип, 350 адам жараат алган. Бул теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ мойнуна алган.