Ссылки доступа

Кыргыз-казак чек арасында санитардык жана фитосанитардык көзөмөл алынды


Казакстанстандын экономика министрлиги кабарлагандай, Кыргызстан менен чек арада санитардык жана фитосанитардык көзөмөлдү жоюу чечими кабыл алынды.

Бул жагдай Кыргызстандан Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге айыл-чарба азыктарын эркин өткөрүүгө шарт түзөт. Ал эми ветеринардык көзөмөлдү жоюу маселеси чечиле элек.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы санитардык жана фитосанитардыктекшерүү 20-ноябрдан тартып алынарын билдирген.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине ушул жылдын 12-августунан тартып толук кандуу мүчо болду.Андан кийин санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл алынары айтылган. Бирок, Кыргызстандагы эпизоотикалык абалы оор деген негиз менен Казакстан текшерүүлөрдү жокко чыгаруу маселесин улам артка жылдырып келген.

XS
SM
MD
LG