Ссылки доступа

Израилде жөөттөргө каршы чабуулда 4 адам мерт кетти


Тел-Авивде жана Иордандын батыш жээгинде палестиндердин жөөттөргө кечээги кол салууларынан кеминде 4 адам каза таап, дагы бир нечеси жараат алды.

Чабуулдардын бирин Хеврондон келген палестиндик ишке ашырган. Ал Тел-Авивде кеңседе отурган адамдарды бычактап салган. Полициянын маалыматына ылайык, бул окуяда эки жөөт каза болуп,дагы бир киши жараат алды.Кийинчерээк палестиндик колго түштү.

Ушул эле күнү Иордандын Батыш жээгиндеги жөөттөр жайгашкан райондо алгач автоунаадан ок атылып, андан соң көчөдөгү адамдардытебелеп кеткен.Окуяда 2 киши каза болуп, дагы бир нечеси жаарат алганы, кол салган адамды коопсуздук кызматынын өкүлдөрү жок кылганы кабарланууда.

Мындай кол салуулардан октябрдан бери Израилдин 16 жараны каза болду. Алардын арасында бир араб да бар.

XS
SM
MD
LG