Жолугушуунун жүрүшүндө Назарбаев ооган бийлигинин өлкөдөгү кырдаалды турукташтыруу аракетин колдой турганын билдирди.
- Казакстан тынчтык үчүн Ооганстанга колдон келген жардамын көрсөтүүдө. Бизге тыгыз алакада болгон, гүлдөп-өскөн Ооганстан керек, - деп айтты казак башы.
Тараптар соода-экономикалык, айыл-чарба, транзиттик, маданий-гуманитардык кызматташтыкты талкуулашты. Коопсуздук маселеси да көңүл сыртта калган жок. Ашраф Гани чөлкөмдөгү туруктуулук үчүн террорчулукка каршы биргелешип күрөшүү зарылдыгына токтолду.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Казакстан менен Ооганстан өкмөттөрүнүн ортосунда жарандык коргоо, чукул кырдаалдардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу багытында кызматташтык тууралуу документке кол коюлду. Ошондой эле маданият тармагындагы өз ара тыгыз алака тууралуу келишим түзүлдү.