Ссылки доступа

Тажик жараны Сирия өкмөтүнө каршы чакырыктар үчүн соттолду


Дүйшөмбү шаардык Сомони райондук соту жергиликтүү тургун Талиб Лоиковду Башар Асаддын бийлигин кулатууга элди үндөгөн деген жүйө менен 1 жыл 8 айга эркинен ажыратты.

Райондук соттун билдирүүсүндө, 26 жаштагы Талиб Лоиков төрт жыл мурун туугандарынын жардамы менен Сирияга окууга кетип, ал жактан "Жайши хур" жана “Жабхат-ан-Нусра” деп аталган экстремисттик топтордун тузагына илинген. Алардын катарында митингдерге катышып, тажик жаштарын өзүнө кошулууга чакырып жүргөнү аныкталды.

Айыпталуучу сотто Интернет аркылуу тажикстандык студенттер менен байланышып, Сирия президенти Башар Асаддын бийлиги адилетсиз, деген пикирин жазганын моюнга алды.

Тажикстандын укук коргоо органдары билдиргендей, соңку эки жылда Сирия менен Ирактагы согушка кеткен жарандардын саны 500дөн ашкан. Анын 300дөн ашыгы мерт кетип, 50 адам мекенине кайткан.

XS
SM
MD
LG