Ссылки доступа

Крымда мечит тонолду


Крым жарым аралында белгисиз адамдар тарабынан Судак шаарынын жанында жайгашкан “Жаңы Маале” мечити каракталды. Крым мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, кылмышкерлер акча топтолгон кутучуны уурдап кетишкен.

Жыл башынан бери аймакта 8 мечит тонолгон. 14-ноябрда белгисиз адамдар Завет-Ленин айылындагы мечитти таштар менен ургулашкан. Сентябрда Симферопол шаарында курулуп жаткан мечиттин сүрөттөрү мазакталган.

Крымда жашаган мусулмандардын көбү – татарлар. Алардын басымдуу бөлүгү 2014-жылы Орусиянын Крымды кошуп алуу аракетине ачык эле каршы чыгышканы белгилүү.

XS
SM
MD
LG