Тууралуу Бул ал Куала-Лумпурда АСЕАНдын жыйынынан кийинки маалымат жыйынында билдирип, Владимир Путинге Орусиянын жүргүнчү учагын ким кыйратканын эскертти.
Обама Египеттен учуп чыгып, 224 жүргүнчүсү менен кыйроого кабылган орусиялык учак үчүн "ИМ" тобу айыптуу экенин баса белгилеп, "Путин орус жарандарын өлтүргөндөр менен күрөшүүгө тийиш" деп айтты.
31-октябрда Египеттин Шарм-эш-Шейх курорттук шаарынан Санкт-Петербургга бараткан орусиялык учак кыйрап, экипаж менен борттогу жүргүнчүлөрдүн ба ары, жалпысынан 224 адам набыт болгон.