Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобунун Налчиктеги бөлүм башчысы өлтүрүлдү


Налчикте атайын операция учурунда өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топ менен байланышы бар делген 14 адам жок кылынды.

Орусиянын Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитети билдиргендей,алардын арасында «Ислам мамлекети” тобунун Кабардин-Балкариядагы башчысы Юрий Бицуев дабар.Ал аталган террордук топтун жергиликтүү бөлүмүн 10-ноябрда Роберт Занкишиев менен анын кол алдындагы эки адам өлтүрүлгөндөн кийин жетектей баштаган.

Жекшембиде укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөткөн 11 согушкер өлтүрүлгөнү тууралуу кабар тараган болчу.

Тинтүү учурунда согушкерлердин жардыруучу заттарды даярдаган жайы табылган.

Бул адамдар республиканын жарандарын Сирияга жиберүү менен алектенип келгени белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG