Ссылки доступа

Алматада ипотека алгандар нааразылык билдиришүүдө


Ипотекалык насыя алган бир катар жарандар бүгүн Алматада Улуттук банктын алдына митингке чыгышты.

Алар кайрадан каржылоо программасы аягына чыкканча насыя алгандарды көчүрүүнү токтотууну талап кылышууда.

Нааразы тараптын билдирүүсүндө, ипотекалык карызы бар жашоочулар кайра каржылоо программасына документ тапшырышкан. Ага карабай, сот аткаруучулар мажбурлоо менен аларды үйлөрдөн чыгарууда. Мындан улам Улуттук банк муну токтотууга буйрук бериши керек дешет.

Аталган банктын өкүлү Александр Терентьев митингдин катышуучуларынын талаптарын угуп, көчүрүү аракети мыйзамсыз экенин билдирди.

Казак өкмөтү быйыл ипотеканы кайра каржылоо үчүн 130 миллиардтеңге бөлгөн. Бийликтин маалыматында, 1-ноябрга карата аталган программага катышуу үчүн 11 миң арыз түштү.Анын 6 миңге жакыны канааттандырылды.

XS
SM
MD
LG