Ссылки доступа

Брюсселде полиция 16 адамды кармады


Бельгия бийликтери Париждеги теракттарды иликтөөгө байланыштуу дүйшөмбүгө караган түндөгү полиция рейддеринде 16 киши кармалганын кабарлады.

Өлкөнүн федералдык прокурорунун өкүлү Эрик Ван Дер Сипттин бүгүн айтканына караганда, кармалгандардын арасында теракттарга башкы шектүү катары аталып жаткан француз жараны Салах Абдесалам жок. Бийлик өкүлдөрү тергөө кызыкчылыгына таяп, кармалгандардын тек жайы жана тагылган айыптар боюнча башка маалымат бербеди. Бирок рейд учурунда кандайдыр бир жардыргыч зат, же курал-жарак табылбаганы кабарланды. Түнкү рейддер Брюсселдин 19 жеринде жана өлкө түштүгүндөгү Шарлеруа шаарында жүрдү. Күч органдарынын рейддери дале уланууда.

Париждеги жардырууларды уюштурган эки согушкер Брюсселге качканы тууралуу маалыматтардан улам акыркы күндөрү бул шаарда коопсуздук чаралары кескин күчөтүлгөн.

13-ноябрда Париждеги жардыруулардан 130 киши мерт кеткен. Ал үчүн өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топ жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG