Ссылки доступа

Тажик президентине “улут көсөмү” макамын берүү сунушталууда


Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары президент Эмомали Рахмонго “улут көсөмү” макамын ыйгаруу сунушу камтылган мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мажилистин басма сөз катчысы Мухаммадат Султанов документ 23-ноябрдагы отурумда талкууга алынганын “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлады. Жыйын соңунда мыйзам долбоор парламенттин төмөнкү палатасынын комитеттери менен комиссияларынын кароосуна жиберилди.

Тажик президентине “журт башы” наамын берүү тууралуу маалымат алгач октябрдын этегинде жаңырган. Андан кийин мамлекеттик телекөрсөтүүлөр өлкө башчысына ушул макамды кошуп айта баштаган.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келүүдө.

XS
SM
MD
LG