Алмата жана Түштүк Казакстан облустарындагы көйгөй кырк мектепти куруу аркылуу гана чечилет.Министрдин айтуусунда, бир катар аймактарда балдар кооптуу имараттарда билим алууда.
- Бизде эки маселе бар. Биринчиден, үч кезек менен билим берүү көйгөйүн чечүү керек. Экинчиси – демографиялык кырдаал. Быйыл 340 бала мектеп босогосун аттады. Ошондой эле 400 миң наристе жарык дүйнөгө келди.Балдардын саны көбөйүүдө. Мектептерде орун жетишсиз. Муну жөнгө салуу үчүн жылына 10-15 орто билим берүү мекемесин куруу зарыл, - деди Саринжипов.
Учурда Казакстандын мектептеринде эки миллион 700 миңден ашуун окуучу билим алат.