Ссылки доступа

Өзбекстанда жарыктын өчүрүлүшүнө нааразы болгон мугалим кумса деп айыпталууда


Анжыян облусунда кумсалыккатиешеси бар деген күнөө менен 20 жаштагы окутуучу Мухаммадризо Эргешев камакка алынды.Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады.

Эргешевдинтуугандары коюлган айыпты четке кагып жатышат. Алардын айтымында, Мухаммадризонун телефонунан бир нече порнографиялык видеотасмалар табылган деген укук коргоо органдарынын айткандары чындыкка ылайык келбейт. Ошондой эле мугалимдин камакка алынышынэлектр жарыгынын өчүрүлүп жатышына нааразылык билдиргени менен байланыштырууда.

Укук коргоо органдары бул боюнча азырынча маалымат бере элек.

Мухаммадризо Эргешев 19-октябрда жарыктын жоктугуна байланыштууэлектрстанцияга арыз менен кайрылган. Андан кийин милиция кызматкерлери аны камакка алышып,5 күначка кармашкан.

Өзбекстандын айылдарында электр жарыгын күн сайын 2-3 саатка эле берүү өнөкөткө айланганын жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашууда.

XS
SM
MD
LG