Ссылки доступа

Путин менен Хаменеи Сирия боюнча бирдей көз карашта


Орус Президенти Владимир Путин соңку сегиз жылдан бери Тегеранга алгач ирет барып, Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменей менен сүйлөштү.

Ал жолугушуу "конструктивдүү" өткөнүн билдирди. Сапардын алкагында Москва менен Тегеран Сириядагы саясий абалды жөнгө салуу сценарийинде тышкы кийлигишүүгө чогуу каршы турууну макулдашты.

Москва менен Тегеран Сирияда жарандык согуш башталгандан бери президент Башар Асаддын негизги колдоочулары болуп келатат. Орусия 30-сентябрдан тарта Сирияда "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна жана башка согушкерлерге каршы аба соккуларын баштаган. Иран болсо Асаддын бийлигин колдоо үчүн аскер кеңешчилерин жиберген.

Путин Иран баш калаасына дүйшөмбү күнү газ экспорттоочу өлкөлөрдүн саммитине катышуу үчүн барган. Бул анын Иранга болгон экинчи расмий сапары. Биринчи жолу ал Тегеранга 2007-жылы Каспий боюндагы өлкө башчыларынын саммитине катышуу үчүн барган эле.

XS
SM
MD
LG