Ал өзүнө жана крым татарларынын мажилистеги лидери Рефат Чубаровдун Крымга кирүүсүнө уруксат берүүгө орус бийлигин чакырды. Ошондой эле эл аралык уюмдар Крымда адам укуктары боюнча түзүлгөн кырдаалды иликтеп чыгыш керек, деген талап коюуда.
Антпесе, Крымдын курчоосу боюнча каршылык акциянын катышуучулары жарым аралга электр энергиясын жеткирүү үчүн мамылардын оңдолушуна тоскоол болушат.
"Активисттер 2 мамыны гана оңдогонго уруксат беришет. Бирөөсү Херсон облусунун райондорун электр энергиясы менен камсыздайт, экинчиси - Запорож АЭСи менен кошулган", - дейт Жемилев.
Украинадан Крымга электр зымдар тартылган мамылар жардырылганга байланыштуу эки миллиондой адам жарыксыз калып, аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланды.