Ошол эле маалда аталган мекеме учак Түркиянын аба мейкиндигине өтүп кеткен деген маалыматты четке кагууда.
Ал эми Түркия бийлиги Орусиянын аскердик учагы аба чек арасын бузганы үчүн атып түшүрүлгөнүн кабарлады. “Анадолу” агенттиги учактын эки учкучу секирип кеткени тартылган видеоматериалды таратты.
Түрк коргоо министрлигинен алынган маалымат боюнча, учкучтар аба мейкиндигин бузуп өткөнү тууралуу эскертүүнү кабыл албагандан кийин ок атылган.