Ссылки доступа

Орусиянын коргоо министрлиги Су-24 учагын Түркия атып түшүргөнүн моюнга алды


Орус коргоо министрлигинин маалыматында Су-24 аскердик учагы Сириядагы “Хмеймим” аба базасына кайтып келе жаткан маалда түркиялык F-16 истребителинен атылган ракета менен жок кылынганы айтылат.

Ошол эле маалда орус тарап окуя Сириянын аймагында болгонун, учкучтар Түркиянын аба мейкиндигин бузбаганын кайталоодо.

Түркиянын Башкы штабы Орусиянын согуштук учагы өз аба мейкиндигин бузуп өткөнүн, бир нече жолу берилген эскертүүнү аткарбагандан кийин атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Премьер-министр Ахмет ДавутоглуТүркия коргонгонун,чек арасынын бузулушуна каршы бардык чараны колдонууга укугу бар экенин билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин муну "далыдан урулган сокку", - деп баалады.Сирияда Су-24 аскерий учагынын кыйрашына байланыштуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Стамбулга сапарын жана түрк кесиптеши ФеридунСинирлиоглу менен жолугушуусун токтотту.

XS
SM
MD
LG