Ссылки доступа

Обама менен Олланд абал курчуп кетиши мүмкүндүгүн айтышууда


АКШ жана Франция президенттери орусиялык Су-24 учагынын Түркия менен Сириянын чек арасында түрктөр тарабынан жок кылынышына байланыштуу кырдаал чыңалышы мүмкүн деген көз карашта.

"Бардык мамлекеттер сыяктуу эле Түркия да өз аймагын жана аба мейкиндигин коргоого милдеттүү", - деп билдирди Барак Обама 24-ноябрда Ак үйдө Франсуа Олланд менен биргелешкен маалымат жыйында.

Анын айтуусунда, азыркы тапта Орусия менен Түркия өз ара сүйлөшүү жүргүзүп, окуянын чоо-жайын түшүнүп, абалдын курчуп кетишине жол бербөө үчүн чараларды көрүшү керек.

Франсуа Олланд да чыңалуунун алдын алуу зарылдыгын айтты.
Барак Обама АКШ менен Франция террорчулукка каршы күрөштө бирге экенин, өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алган топ бардык өлкөлөргө олуттуу коркунуч туудуруп жатканын кошумчалады.

Ал эми Франция президенти Франсуа Олланд Батышка террорчулардын кирүүсүнүн алдын алуу үчүн Түркия менен Сириянын чек арасын тез арада жабууну сунуштады. Тараптар "Ислам мамлекети" тобунун Сирия менен Ирактагы турумдарына абадан сокку урууну күчөтүүнү макулдашты.

Видео

XS
SM
MD
LG