Сот Ош облустук прокуратурасынын өтүнүчүн толук канааттандырып, Камаловду 10 жыл күчөтүлгөн режимде камоого өкүм чыгарды. Имамдын жактоочулары Жогорку сотко доо арыз берүүгө камданышууда.
7-октябрда Кара-Суу райондук соту Камаловду беш жылга жатак абакка кескен эле. Мындай жазаныаз деп эсептеген прокуратура Ош облустук сотуна Камоловго карата жазаны катаалдатууну өтүнүп кайрылган.
Кара-Суу шаарындагы "Ас-Сарахси" мечитинин имамы, 37 жаштагы Рашод Камалов 9-февралда кармалган. Ага каршы "экстремизмге чакырган", "халифат курууга аракет кылган" жана "Сирияга адамдарды жөнөткөн" деген айыптар тагылган. Камалов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келүүдө.