Ссылки доступа

Түркмөнстанда “Борбор Азия + Жапония” диалогунун катышуучулары жыйын курду


Түркмөнстанда кечээ “Борбор Азия + Жапония” диалогунун катышуучулары кезектеги жыйынга чогулушту.

Ашхабадда тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өткөн отурумга Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түрмөнстан жана Жапониянын делегациялары катышты.
Тараптар айыл чарба, транспорт, логистика багыттарында кызматташтыктын болочогун ортого салышты. Бул тармактарда долбоорлорду жапон технологиясын тартуу менен жүзөгө ашыруу маселеси да көңүл борбордо болду.
«Борбор Азия + Жапония»диалогунун кийинки жыйыны 2016-жылы Токио шаарында өтөт.

XS
SM
MD
LG