Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтегенИсмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү мыйзамсыз менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деп айыптын негизинде быйыл 1-сентябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган.
Ал өзүнө коюлган айыптоолор негизсиз экенин билдирип, соттун чечиминкесиптик ишмердүүлүк менен байланыштырып жатат. Аппеляциялык доо-арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган. Актоочулар кылмыш ишин жаап, журналистти боштондукка чыгарууталабын коюшууда.
Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Хадича Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныды.