Ссылки доступа

Тажикстанда Интернетке чектөө киргизилет


Тажик мажилиси “Террорчулукка каршы күрөшүү жөнүндөгү”мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдү колдоду.

Ага ылайык,террорчуларды кармоо,жок кылуу операциялары маалында белгилүү бир аймакта же бүтүндөй өлкөдө уюлдук байланыш менен Интернетке чек коюлат.

Өлкөнүн улуттук коопсуздук комитети эми террорчуларга каршы операция учурунда мыйзамдуу түрдө дүйнөлүк желе менен телефон байланыштарын убактылуу өчүрө алат.

Парламент депутаты ХайруллаСуфиевдин баамында,документ күч органдарынын операцияларына жарала турган тоскоолдуктардын алдын алууга шарт түзөт.

Тажикстанда атайын операция маалында байланыш менен Интернетти өчүргөн учур буга чейин Раш өрөөнүндө жана Хорогдогу окуяларда байкалган. Бир катар маалымат сайттары менен социалдык түйүндөр ачылган эмес.

Байланыш тармагын көзөмөлдөгөн кызматтар мындай чектөөлөргө тиешеси жоктугун айтышып, техникалык мүчүлүштүктөргө шылтоо менен абалдан чыгып келгени белгилүү.

XS
SM
MD
LG