Ссылки доступа

Кыргызстанда чек ара бузган өзбекстандык 3 жаранкармалды


Укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек араны бузган үчүн Өзбекстандын 3 жаранын кармашты.

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдайт.

26 жаштагы Анвар, 18 жаштагы Исламжон жана 39 жаштагы Насир 10-ноябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылындагы чек арадан мыйзамсыз өткөн.

Кармалгандар тууралуу материалдар Улуттук коопсуздук комитетине жиберилди. Өзбекстан элчилигине дагы кабар жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG