Жогорку бийлик чөйрөсүндөгү коррупцияны иликтеген Исмаилова адамдарды каралаган, салык төлөгөн эмес, мыйзамсыз ишкердик кылган, мүлктү менчиктеп алган, укугун бейчеки пайдаланган деген айыптын негизинде быйыл 1-сентябрда жети жарым жылга эркинен ажыратылган.
Ал өзүнө коюлган күнөөлөр негизсиз экенин билдирип, соттун чечиминкесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатат. Буга чейин аппеляциялык доо-арыз менен жогорку инстанцияга кайрылган. Актоочулар кылмыш ишин жаап, журналистти боштондукка чыгарууталабын коюшууда.
Эл аралык Amnesty İnternational укук коргоо уюму Хадича Исмаилованы “абийир туткуну” деп тааныды.