Ссылки доступа

Астана Орусия менен Түркияны сабырдуу болууга чакырды


Казакстандын тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Орусия менен Түркияны учактын кыйрашына байланыштуу пикир келишпестиктерди чечүү үчүн бардык аракеттерди көрүүгө, чыдамкайлыкка үндөдү.

Анда Түркия менен Сириянын чек арасындагы бул кайгылуу окуяга өкүнүч да айтылган. Ошондой эле аталган мекеме узак жылдар бою бекем болуп келгенорус-түрк алакасынын начарлап жатышына бушаймандык да билдирди. Окуя террорчулукка каршы аракеттердин натыйжасын туңгуюкка кептеши мүмкүн экени да камтылган.

24-ноябрда Түркия менен Сириянын чек арасында Су-24 согуштук учагы атып түшүрүлгөнүнө байланыштуу эки тараптын пикири кайчылаш болууда.Расмий Анкара өлкө коргонгонун, учак өзүнүн аба мейкиндигине кирип кеткенин белгилесе, Орусия муну четке кагууда.

XS
SM
MD
LG