Ссылки доступа

Кыргызстанда депутаттар кызматтык унаадан баш тартып, батир колдоно турган болушту


Жогорку Кеңештин депутаттары кечээги жыйында чыгымды кыскартуу жана жеңилдиктерден баш тартуу боюнча чечим кабыл алышты.

Ага ылайык, эл өкүлдөрү кызматтык машина жана айдоочудан баш тартышты.

Кызматтык унаа төрага жана анын эки орун басарында гана калат. Ошону менен автопарк жоюлат. Бирок депутаттар KG номерин өз машиналарына тагуу мүмкүнчүлүгүн калтырышты. Мындан сырткары эл өкүлдөрүнүн жардамчы, кеңешчилеринин орду сакталып калды. Эл өкүлдөрү шаардан 20 чакырым алыс жашаган депутаттарга жана каалоочуларга кызматтык үй берүүнү колдошту.

Ошентип айдоочудан, бала бакчадан, пансионаттардан үнөмдөө менен Жогорку Кеңештин чыгымы мурдагыдан 50 млн. сомго кыскармай болду.
Парламенттик шайлоо алдындакөп партиялар кол тийбестик менен артыкчылыктардан, турак жай, машинеден баш тартабыз деп элге убада берген.

XS
SM
MD
LG