Франсуа Олландбул аптада Париждеги кол салуулар менен жардырууларга жоопкерчилик алган жана өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган экстремисттик топко каршы күрөштү улантуу үчүн дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттеринин башчылары менен жолугушууда.
25-ноябрда француз президенти Парижде Германия канцлери Ангела Меркел менен кезикти. Немис тарап террорчулукка каршы күрөштө Францияны колдоого убада берди.
Ага чейин Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон, АКШ президенти Барак Обама менен бул маселени талкуулаган.Жакынкы күндөрдө Италиянын өкмөт башчысы Маттео Ренци менен жолугушуусу белгиленген.
Парижде 13-ноябрда болгон куралдуу кол салуулар менен жардыруулардан 130 адам мерт кетип, 350-дөн ашууну жараат алган.
Бүгүн Москвада Орусия жана Франция президенттери сүйлөшүү жүргүзөт.