Ссылки доступа

Тажикстанда ишкерликтин саны азайды


Статистика агенттиги маалымдаганд: Тажикстанда ишкерликтин саны азайды

Тажикстандын Статистика агенттиги маалымдагандай, жыл башынан бери 20 миңге жакын жеке ишкер өлкөдөгү мыйзамдуу бизнесин таштап кетти. Алардын канчоосу бизнесин кайра жандандырып же ишкерлигин башка нукта улантып жатканы белгисиз.
Кээ бир ишкерлер мындай кадамды доллардын өсүшү, банктагы насыялардын жогорку пайызыжана салык саясатынын оордугу менен түшүндүрүшөт. Бул жуманын башында 1 доллардын баасы7 сомониден ашкан. Ноябрдын башында доллардын наркы 6,7–6,8 сомонини түзгөн.
Ошондой эле ишкерлер бажы алымдардын көбөйтүлгөнүнө, батир жана салык төлөмдөргө, калктын сатып алууларыныназайышына кабатыр.
Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, быйыл “Ишкерлик жүргүзүү” рейтингинде Тажикстан 6 тепкич алдыга жылган.Бирок КМШ өлкөлөрүнө салыштырмалуу Тажистандын позициясы эң начар деп бааланат.

XS
SM
MD
LG