Ссылки доступа

Сириянын түндүгүндө түрк гуманитардык кербени кол салууга кабылды


Түркиялык Humanitarian Relief Foundation (IHH) укук коргоо уюму Сириянын түндүгүндө жайгашкан аймакта гуманитардык жүк ташып бараткан унаа кербенине абадан сокку урулганын кабарлады.

Алар сирия-түрк чек арасына жакын жерде оппозиция көзөмөлдөгөн Озаз шаарындагы качкындарга жардам алып баратканы айтылды.

Аталган уюм “Твиттерге” күйүп жаткан жүк ташуучу көөлүктөрдү өчүрүп жаткан учурлар тартылган сүрөттөрдү жайгаштырды. Абадан соккуну ким урганы тууралуу так маалымат айтыла элек.

Ошол эле маалда Түркиянын мамлекеттик Anadolu агенттиги кол салууну орусиялык учактар ишке ашырган деген кабар таратты.Агенттиктин билдирүүсүндө, аба соккудан 7 адам каза таап, кеминде 10у жараат алды. Жүк ташуучу 20 унаа жок кылынды.

Ал эми Түркиялык Hurriyet басылмасы гуманитардык кербенге Сириянын авиациясы чабуул жасаган болушу мүмкүндүгүн жоромолдоодо.

XS
SM
MD
LG