Ссылки доступа

ЕККУ: Казакстанда маалымат алуу мыйзамында кемчилик бар


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Казакстанда маалымат алуу тууралуу мыйзамда мүчүлүштүктөр да бар экенин билдирди.

Анын айтуусунда, аталган мыйзамдын айрым жоболору түшүнүксүз, ошондой эле бир катар чектөөлөргө орун берилген.

Миятович кээ бир иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча эреже, арыздарды кароо үчүн көз карандысыз көзөмөл органынын жоктугу сөз эркиндигине терс таасир этет, деген пикирде.

Ал мыйзам өзгөртүлө турганына ишенимин билдирип, ЕККУ буга жардам берүүгө даяр экенин айтты.

XS
SM
MD
LG