Ссылки доступа

Тажикстандын Уламалар кеңеши салафилерге ыктаган жаштарга каршы фатва чыгарды


Уламалар кеңеши Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн тажик жарандарын “салафизм илдетине чалдыккандар” деп атап, алардын мекенине кайтышы кооптуу деген тыянакка келди.

"Алар үчүн кимди болбосун, тажик энесинби же жарык дүйнөгө жаңы эле келген наристениби өлтүрүү мааниге ээ эмес. Ойлонуп да коюшпайт. Мекенине кайтып келишсе, кыска убакытта Тажикстанды Сирия, Ирак, Йемен жана Ооганстанга айландырышат", – деп айтылат уламалар чыгарган фатвада.

Имам-хатиб жана дин таануучулардан турган Уламалар кеңеши өткөн аптада Парижбаштан кечирген кандуу окуяларды “салафи” агымынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы катары баалады.

Тажикстанда “салафизм” түшүнүгү бир нече жыл илгери, ислам мамлекеттериндеги диний медреселерден билим алган бүтүрүүчүлөр мекенине кайткандан кийин пайда болгон. Алар кийимдери жана намаздын ортосунда “Оомийн” деген сөздү катуу айтуу, көрүстөндөргө коюлган эстеликтерди жок кылууга таштаган чакырыктары менен айырмаланышкан.

Тажик бийлиги мындан улам бир топ ислам өлкөлөрүндө окуган студенттерди кайтаруу чечимин кабыл алган. Өткөн жылы республиканын Жогорку соту салафилерди экстремисттик агым деп тааныган.

XS
SM
MD
LG