Ссылки доступа

Орус Мамлекеттик Думасына армяндардын геноциди тууралуу мыйзам долбоору сунушталды


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын кароосуна жиберилген документте Осмон империясы тушундагы армяндар кыргынын моюнга албагандык үчүн жоопкерчилик тагуу сунушу камтылган. Бул тууралуу “Адилеттүү Орусия” фракциясынын башчысы Сергей Миронов маалымдады.

РИА Новости кабарлагандай, мыйзам долбоордун авторлору Кылмыш кодексин жогоркудай берене менен толуктоону көздөп жатат. Ошондой эле күнөөлүү тарапты 500 миң рублга чейин айып пулга жыгып, 5 жылга чейинки мөөнөттө эркинен ажыратуу менен жазалоо сунушталган.

Айрым байкоочулардын ырастоосунда, 1915-17-жылдары бир жарым миллион армян атайлап өлтүрүлгөн. Бирок Түркия геноцид айыбын четке кагып, Осмон империясы кулап жаткан маалда 300-500 миң армян, андан кем эмес түрктөр согуштук аракеттерде курман болгон деп айтып келет.
Ошол эле учурда 30га жакын мамлекет, анын арасында Орусия, өткөн кылымдагы окуяларды геноцид катары баалашат.

Бул мыйзам долбоор тууралуу маалымат түрк истребители орусиялык Су-24 согуштук учагын атып түшүргөн соң ачыкка чыкты. Орус президенти Путин окуяны “далыдан урулган сокку” катары мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG