Ссылки доступа

“Ислам мамлекети” тобу 60 өлкөнү душман катары эсептейт


Өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топтун жаңы видеосунда аларга каршы түзүлгөн коалициянын курамындагы 60 өлкө душман деп аталганы жазылган.

«Дабик» сайтында жайгаштырылган видеодо коалицияга “азезил” деген баа берилген. Ошондой эле террорчулар коалиция мүчөлөрүнүн тууларын эсептеп жатканы айтылат. Бул тизмеде Борбор Азия өлкөлөрү жок, бирок террорчулар душман катары эсептеген өлкөлөрдүн саны 80ге жетиши мүмкүндүгүн эскертишти.

“ИМ”ге каршы коалицияда Орусия, АКШ, Иран, Улуу Британия, Франция, Австралия, БАЭ, Тунис, Мальта, Украина, Молдова жана башка европалык, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү бар.

XS
SM
MD
LG