Ссылки доступа

Бакудагы атышууларда сегиз адам каза болду (Видео)


Азербайжан Ички иштер министрлиги билдиргендей, 26-ноябрда Бакудан алыс эмес жердеги Нардаран кыштагында намаз учурунда полиция менен атышуу болуп, сегиз адам мерт кетти. Алардын экөө полиция кызматкери экени айтылууда.

Расмийлер алардын бардыгы өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаалга динди колдонуп, тополоң салгысы келген куралдуу кылмышкерлер экенин айтып жатат.

Күч органдары ошондой эле кыймылдын «штабы» дал ушул Нардаран кыштагында жайгашып, айылдагы эл Азербайжандын мыйзамдуу бийлигин кулатууну пландаган деген маалымат таратты.

Полиция кыштакка кирчү жолду бууп турат. Ошондой эле Сабунчу шаардык жарадарлар жеткирилген 3-оорукана да курчоодо. Күч органдары бейшемби күнү динди жамынуу менен өз максаттарын ишке ашыргысы келген делген адамдарды намаз учурунда кармоону пландаган. Анда эки тараптын ортосунда чатак чыгып, атышуу башталып кеткен.

Бул боюнча “Азаттыктын” азери кызматы даярдаган видеобаяндардан кененирээк маалымат алсаңыз болот.

http://www.radioazadlyg.org/content/nardaran-atisma/27390035.html

XS
SM
MD
LG