Анын айтуусунда, мамлекет башчынын кайрылуусун бир нече телеканалдар түз алып көрсөтөт. Назарбаев дүйнөлүк каатчылык шартындагы Казакстандын аракеттери тууралуу да кеп козгомокчу.
2014-жылы казак президенти 11-ноябрда жылдык кайрылуусун жасаган. Ага чейин жыл башында кайрылуу менен чыкчу. Быйылкысы жыйырманчы болуп калат.