Ссылки доступа

Улуттук банк Кыргызстанда долларды чектөөгө чакырды


Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов белгилегендей, өлкөнүн ичинде баардык төлөмдөр жана соода келишимдер сом менен жүргүзүлүшү керек.

“Биз бул тууралуу өкмөткө дайым айтып, тартипти талап кылабыз. Мыйзамга ылайык, өлкө ичинде бир гана сом расмий төлөм каражаты болуп эсептелет. Экономиканын долларга байланышын терс фактор катары караса болот, ошон үчүн сомдук төлөмдөргө өтүү зарыл. Мындай кадам улуттук акчаны бекемдеп, долларды алсыздандырат”, - дейт Абдыгулов.

Кыргыз өкмөтү чет элдик валютага болгон көз карандылыкты азайтуу максатында атайын план иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG