Ссылки доступа

БАЭ жылаңач сүрөттөрүн жарыялаган өзбек аялды камакка алды


35 жаштагы чет өлкөлүк айымды социалдык желелерди мониторинг кылган полициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери кармаган.

Ал Бириккен Араб Эмирлигинин Шаржа шаарында социалдык түйүндөрдө жылаңач түшкөн сүрөттөрүн жайгаштырганы үчүн камакка түштү.

Khaleej Times басылмасы маалымдагандай, бул жаран ири өлчөмдөгү айыпга жыгылып же бир нече айга эркинен ажыратышы мүмкүн.

Өзбекстандык айым өзүнүн жылаңач сүрөттөрүн Instagram жана Snapchat мессенжерде жайгаштырып турчу. Натыйжада анын баракчасына катталгандардын саны 150 миңге жеткен.

Камакка алынгандан кийин күнүмдүк жашоосунан алынган сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөгөнүн моюнга алды.

Эмирликте мындай сүрөттөрдү Интернетте жарыялоого тыюу салынганынан кабардар болбогонун билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG