Ссылки доступа

Тажикстанда турмушка аттанган кыздар ВИЧке текшерүүдөн өтөт


Тажик өкмөтү 27-ноябрда “Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоорун парламентке жиберди.

Документ кабыл алынып калса, турмушка чыгардын алдында болочок келиндер түгөйлөрү менен медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү болот. Бийлик мындай кадам менен ВИЧ/СПИД өндүү жугуштуу оорулардын жайылышы ооздуктала турганын айтууда.

Бул маселе талкууланган өкмөттүн жыйыны өлкө башчы Эмомали Рахмондун катышуусунда өттү. Анда “Тажикстандын Жогорку Мажилиси” , “Мамлекеттик кызмат”, “Каржы лизинги” , “Калктын ден-соолугун чыңдоо” мыйзамдарына жана “Үй-бүлө кодексине”өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу каралды.

XS
SM
MD
LG